Н.Омаров: Оппозициянын башкы милдети А.Жекшенкуловду ачыкка чыгаруу

Саясат талдоочу Нур Омаров мындай пикирин “Азаттыкка” “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору А.Жекшенкуловду камоо окуясына байланыштуу билдирген. Анын айтымында, А.Жекшенкулов тор артында отурганда эмес, эркиндикте жүргөндө өзүн коргоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат. “Оппозиция лидерин эркиндикке чыгаруу үчүн бей өкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын кайрылуусу менен бирге петиция (жогорку өкмөткө жазылган көпчүлүктун өтүнүчү) механизми колдонулушу зарыл. Ага карата бийликтин жообу алардын конструктивдүү диалогго канчалык деңгээлде даяр экенин көрсөтөт”, - дейт Н.Омаров. Саясат талдоочунун айтымында мындай көрүнүштөр бийликтин, анын ичинед президенттин да аброюн түшүрөт. (КЕ)