Эки тараптын сүйлөшүүсү Бишкектеги Кесиптик кошуундар үйүндө болуп жатат. Оппозиция күн тартибине саясий куугунтукту токтотуу талабын коюп, алгач ушул маселени чечип алууну сунуш кылды. Ушул тапта азыр эки жак бири-биринин дооматын угууда. Бул тууралуу жолугушуу болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева кабарлады.(ZKo)