NASA Жерге окшош планеталарды иликтейт

NASA Жерге окшош планеталарды иликтейт
АКШнын космос изилдөө агенттиги (NASA) космос мейкиндигине атайын телескоп чыгарды. Бул телескоптун негизги максаты – Күн сыяктуу башка жылдыздардын айланасында айланып жүргөн жашоо-тиричилиги үчүн шарты бар Жер сыяктуу башка планеталарды издөө болуп саналат. “Кеплер” деп аталган бул телескоп кечээ (жума күнү, 6-мартта) Флориданын Канаверал булуңунан учурулду. Телескоп эми Саманчынын Жолундагы жүз миңдей ири жылдыздын орбитасындагы планеталардан чыккан жарыктарды таразалап иликтемекчи. Үч жарым жылдай иштээри белгиленген орбитадагы бул телескоп үчүн дээрлик 600 миллион доллар каражат жумшалат.