БУУнун башкатчысы Суданды гуманитардык уюмдарды чыгаруу чечимин кайра кароого үндөдү

Судандын өкмөтү эл аралык гуманитардык уюмдарга карата жогорудагыдай чарага Эл аралык Кылмыш сотуну өлкө президент Омар ал-Баширди камакка алуу буйругун чыгаруусуна нааразылык ирээтинде барган.

Өз билдирүүсүндө БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жардам көргөзүү менен алектенген 13 ири уюмду өлкөдөн чыгаруу Дарфурдагы гуманитардык иштерге "орду толгус зыян" келтирерин эскертти. Башкатчынын айтымында, Дарфурда жардам алып жатккан калктын саны 4,7 миллионду түзөт.

БУУнун чукул жардам көргөзүү боюнча мекемесинин расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Судан өкмөтү өлкөдөн чыгарган 13 уюм Дарфурдагы эл аралык гуманитардык операциялардын кеминде жарымына жоопкер болуучу.

Судан президенти Омар ал-Башир өлкөнүн Дарфур чөлкөмүндө орун алган аскерий жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталып жатат. Судан өкмөтү аны камоого буйрук чыгарган Эл аралык Кылмыш соту менен кызматташпай турганын билдирген.