Клинтон Орусия менен алакаларды чыңдоону жактайт

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон НАТО үчүн Орусия менен өз ара мамилелерин жандандырууга учур жеткенин билдирди. Бул тууралуу Клинтон айым бүгүн НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында айтты. Кремл менен НАТОнун мамилелери өткөн жылы августтагы Орусия менен Грузиянын согуштук жаңжалынан кийин салкындап кеткен. Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы НАТОну Украина жана Грузиянын болочокку мүчөлүгү үчүн каалагасын ачык калтырууга чакырды. НАТО жетекчилиги болсо бул эки пост-советтик өлкөнүн Түндүк Атлантикалык аскердик ынтымакка мүчөлүккө өтүшү – узак мөөнөттүк жараян экенин эскерткен.