Бул тууралуу блоктун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирди. Тышкы иштер министрлери Орусия менен мамилелерди жана Ооганстандагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулушту. Схеффер мырзанын айтымында, Орусиянын айрым иш-аракеттери тынчсызданууну туудурбай койбойт, бирок НАТО менен Орусияны бир катар кызыкчылыктар бириктирип турат, алардын башкысы – террорго каршы күрөштөгү кызматташтык. Кремл менен НАТОнун мамилелери өткөн жылы августтагы Орусия менен Грузиянын согуштук жаңжалынан кийин салкындап кеткен. НАТО министрлери бүгүн Украина менен Грузиянын өкүлдөрү менен да жолугаары алдын-ала белгиленген.