Украинанын коопсуздук күчтөрү Нафтогазда тинтүү жүргүздү

Күбөлөрдүн айтымында, куралданган, беттерин чүмбөттөгөн кишилер компаниянын баш кеңсесин тинтишти. Нафтогаз компаниясы январь айында Орусия менен газдын баасы боюнча чатактын чок ортосунда болгон эле.