Равшан Гапиров: Кыргызстан Өзбекстандын жолоюна түштү

Орусиянын «Мемориал» укук коргоо борбору Борбор Азияда соңку кездеги адам укугу жаатында артка чегинүүлөргө тынчсыздануусун билдирди. Ал ортодо кыргызстандык укук коргоочулар да Пономоревдун өлкөдөн чыгарылышы, саясий куугунтуктар, Ноокат окуясы сыяктуу чечимдерден улам Кыргызстанды Өзбекстандын ыкмасын колдонууга өттү деп коңгуроо кагышууда. «Азаттык» ушул маселенин тегерегинде оштук белгилүү укук коргоочу Равшан Гапиров менен маектешкен.
- Равшан мырза, орусиялык «Мемориал» укук коргоо борбору Өзбекстандагы адам укугунун абалына тынчсыздануу менен өзбек бийлигинин өзгөчө качкындарга болгон мамилесин дагы баса белгиледи? Сизде өзбек качкындары тууралуу кандай маалыматтар бар?

-Анжиян окуясынан кийин 300дөй гана өзбек жарандары качкын статусун алып чет өлкөгө кетишкенин билем. Алар Ошко биринчилерден болуп өтүп келгендер, а кийинки өткөндөр качкын статусун алалбай жүрүшкөн. Документтерин тууралай албай Ошто, Бишкекте качып жүрүшкөн. Алардын колго түшкөнү жок болуп кала берген. Жалпы эле Өзбекстандагы качкындар тууралуу, адам укугунун одоно бузулушу туурасында «Мемориал» укук коргоо борборунун директору Виталий Пономарев китеп жазган. Ошол китепте Өзбекстандагы мыйзам бузуулар, соттор, адамдарды кыйноо, өлтүрүү жөнүндө фактылар баары бар.

Ошондон кийин Пономоревго Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды. Менин анык билгеним, 2006-жылы Оштун СИЗОсунда өзбек качкындарынан 5 адам отурган эле. Бирок аларды биздин укук коргоо органдары Өзбекстанга өткөрүп берген. Алардын кийинки тагдыры эмне болду, эч ким билбейт. Ошто жүргөн качкындар да экиден-үчтөн болуп эле жоголуп дайынсыз жок болуп кетишкен. Көчөгө чыкканы да үйүнө кайтпай калган. Аларга кызыгып, териштирген укук коргоочулар аз.

-Демек, ошол укук коргоочулардын Өзбекстандагы ишмердиги кандай, сиздин пикиринизде?

-Өзбекстанда укук коргоочулар көп болгон, азыр бир-экөө эле калды, бирок алар дагы иштемиш болушат, чынында иштебейт. Көпчүлүгү камактарда отурат, өлгөндөрү бар. Эми, бир чекеден..айтып кереги жок. Өзбекстанда коомдук укук коргоочулар жок десе да боло берет.

- Эл аралык укук коргоо борборлору же бейокмот уюмдардын жардамычы?
-
Өзбекстандын укук коргоо органдары эл аралык укук коргоо уюмдарын да, бей өкмөт уюмдарын да тоготуп койбойт. Таасири жок.

-Ушул жаатта Кыргызстандагы абалга да токтоло кетсениз?

-Өзбекстанда эле эмес, бизде деле ошого баратабыз го. Эки жылдан бери мен «Акыйкат-Сот-Чындык» укук коргоо борборун жетектеп келем. 10 ай түрмөдө отурдум, түрмөдө мыйзамсыз камалгандар канча, көчөдө мыйзамсыздык канча, азыр бизде мыйзам жок болуп калды. Мыйзамдын ордуна саясат менен камап, бети ачылбаган кылмышты илип бир бечараны соттоп жатышпайбы. Өзбекстандын эле методуна кетип баратабыз. Укук коргоочулардын да дымагы басаңдап баратат.

-Жеке сизге да кысымдар болгон жокпу?

-Мен соттордо, укук коргоо органдарында, прокуратурада иштегендер менен жакшы таанышмын. Алар айтып жатышат, Равшан аке сиз талашып тартышпай эле жөн эле жүрө бериңизчи. Болбосо, сиз дагы кире турган болуп турасыз деп айтып жатышат. Дагы мага эмнени ойлоп жатышат болду экен, камаса камай берсин.

-Сиз Виталий Пономорев менен Ноокат окуясы тууралуу да сүйлөшкөн белеңиз?

-26-февралда келээрин айткан эле. Экөөбүз жолукмак болгонбуз. Бирок келбей калды. Ноокат окуясы тууралуу мыйзамсыз иштерди ашкерелеген доклады анын биздин өлкөгө киргизилбей калышына себеп болду го. Муну Адахан Мадумаровдун буйругу менен болду деген маалымат алдым.

-«Мемориал» борбору бул туурасында президентке да кайрылуу жолдоптур, мындан кандай натыйжа болушу мүмкүн?

-Эч кандай натыйжа бербейт. Себеби Пономоревду киргизбей коюу тууралуу президент мурда эле билген. Пономорев жөнөкөй адам эмес, ал эл аралык уюмдарга, БУУга таанымал адам. Бул кадамга президент өзү кызыкдар болушу да мүмкүн, бирок бирөөлөрдүн кеңеши менен чечилди.

-Сиз өлкөдөн чыгып кетем деп айткан элениз, азыр ал оюңуздан кайта элексизби?

-Мен Кыргызстанды таштап кетемин, себеби өлкөдө адам укугу корголбой калды. Мыйзам иштебей калды. Мен кеткенде «Бул өлкөдө жашашка болбой калды» деп кыйыкырып туруп чыгып кетем. Биз Өзбекстанга эле окшоп калдык.