Айтылуу актриса Гүлшара Дулатованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

79 жаш курагында дүйнө салган Гүлшара Дулатова 50-жылдардын ортосунда Ташкенттеги Островский атындагы театралдык окуу жайын бүтүрүп келип, кыргыз драма театрына кызматка алынат. Театр сахнасындагы чыгармачылык жолунда жергиликтүү драматургдардын, дүйнөлүк, орус классиктеринин пьесалары боюнча коюлган спектаклдерде бир катар башкы каармандардын кайталангыс образын жараткан. Кыргыз эл артисти, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын ээси Гүлшара Дулатова дасыккан устат катарында “Сахнада сүйлөө” чеберчилиги боюнча жүздөн ашуун артисттерди тарбиялаган. Анын талантына таазим кылган күйөрмандары, кесиптештери айтылуу актрисаны өзү иштеген Улуттук кыргыз драма театрынан акыркы сапарга узатышты. (AJ)