24-мартта мода жумалыгы башталат

Салтка айланган жазгы мода жумалыгы Чыңгыз Айтматов атындагы орус дама театрында өтөт. Иш-чарага отуздан ашык өнөр жай ишканалары жана дизайнерлер катышмакчы. Жумалыктын алкагында модалуу эн тамгаларды (брэнд) түзүү жана жайылтууга боюнча семинар да болот. Бул туурасында “Азаттыкка” “Витлайн” промоушн борборунан кабарлашты. (EBM)