Кыргыз-тажик Коопсуздук кеңештеринин катчылары жолугушат

Баткен районунун акими Дастан Ходжаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Тажикстандын Хожент шаарында 3-мартта өтчү бул жолугушууда чегара жана жол маселелери талкууга алынат. Мындан тышкары Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү Ош-Баткен-Исфана кан жолунун 275 метр бөлүгү тууралуу маселе козголот. Жолугушууга кыргыз тараптан Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдон тышкары унаа жана байланыш министри Нурлан Сулайманов жана башка өкүлдөр барат.(ZKo)