Амстердамда кечээки авиакырсыктын себептери иликтенүүдө.

Стамбулдан Голландиянын баш калаасына бараткан "Түрк Аба жолдоруна" таандык Боинг-737 "Шипхол" аэропортуна конуп аткан жеринен кыйраган. Кырсыктан 9 киши, анын ичинде 2 пилот өмүрүнөн ажырады. Жарадар болгондордун арасынан 6 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда. Учактын кара кутулары табылды, алар азар текшерүүдөн өтүп жатат. Түркиянын байланыш министрлигинин билдиргенине караганда, бортто түркиялык 78 жүргүнчү, 56дай чет өлкөлүк жаран бар болчу.