Азиза Абдурасулова: Пономарев өлкөдө калыш-калбашын сот чечиши керек эле

Азиза Абдырасулова.

Орусиялык укук коргоочу өлкөгө киргизилбей, "Манас" аба майданынан артка кайтарылды. Буга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна укук коргоочу А. Абдырасулова жооп берди.
- Бүгүн "Мемориал" укук коргоо борборунун Борбор Азия программаларынын жетекчиси Виталий Пономарев Кыргызстанга киргизилбей коюптур, анын себептерин билесизби, сизде кандай маалыматтар бар?

- Анын себеби албетте белгилүү, декабрь айында Виталий Пономарев Кыргызстанга келип Ноокат окуясына байланыштуу иштерди иликтеп, өзүнүн кенен баяндамасын жарыялаган болчу эл аралык деңгээлде. Пономаревду Кыргызстанга киргизбей коюнун бирден-бир себеби ушул окуяга байланыштуу деп эсептейм жана мунун демилгечиси биздин Улуттук коопсуздук кызматы деген ишеничим бар.

- "Мемориал" укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө бир маалымат камтылат, Виталий Пономаревге Кыргызстанга кирүүгө 5 жылга тыюу салынды деген. Ушундай тыюу салууга кандай негиз болушу мүмкүн, канчалык мыйзамдуу?

- Эч кандай маалыматы, эскертүүсү жок эле келген адамды жөндөн-жөн эле киргизбей коюу - эл аралык мыйзамдарга жана Кыргызстандын ички мыйзамдарына да төп келбейт, эч кандай соттун чечими жок. Кандай болгон убакта дагы Виталий Пономаревдун Кыргызстанга кириши, бул жакта калышы, же калбашы соттун чечимине байланыштуу болуш керек эле. Ал эми эч кандай соттун чечими жок эле аэропорттон ары карай кетирген факт ушуну менен экинчи жолу укук коргоочуларга карата болуп атат. Муну биз адам укугунун жана мыйзамдын бузулушу катары карап атабыз.

- Азиза айым, сиз экинчи жолу болду дедиңиз, биринчи жолу ким ошентип киргизилбей койду эле эске сала кетсеңиз?

- Биринчи жолу Хельсинки уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Ивар Дале киргизилбей койгон. Ошондо дагы биз ушул маселелерди көтөргөнүбүздө расмий эмес маалыматтарды беришкен, расмий маалыматтарды ала алган эмеспиз. Бирок расмий эмес маалыматтарга байланыштуу бул Өзбекстандын каалоосу менен киргизилбей атканын, маселен Евробиримдикте бир эле мамлекетке киргизилбей калса ошол уюмга кирген башка мамлекеттердин баарына киргизилбейт, ошондуктан ШКУга кирген мамлекеттер дагы ушундай чечимдерге келгенбиз деген маалыматты бизге расмий эмес түрдө беришкен. Ошондуктан бул Кыргызстандагы адам укугуна өтө коркунучтуу. ШКУга кирген өлкөлөр мындай маселени чечкенде так, анык жана адам укугун бузбай турган келишимде карап көрүп, андан кийин гана чечилиш керек жана адам укугун эч убакта бузбаш керек.

- Адам укуктары демекчи, кечээ Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти адам укуктарынын абалы боюнча жылдык докладын жарыялады. Анда Кыргызстан бийликтери оппозиция лидерлерин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн куугунтуктаганы үчүн, сөз эркиндигинин чектелиши, кыйноолорду колдогондугу үчүн сындалат. Мындай сын канчалык жүйөөлү?

- Бул сынды четтеги эл аралык уюмдардан мурун биз, жергиликтүү укук коргоочулар эле айтып келатабыз. Акыркы бир жарым-эки жылдын ичинде Кыргызстанда адам укуктарынын жаатында өтө одоно артка чегинүүлөр болуп келатат. Буга биздин жетишерлик фактыларыбыз бар жана бизде демокартиялык принициптерден дагы өтө артка чегинүүлөр даана көрүнүп турат. Ошондуктан эл аралык “Хьюман райтс уотч”, “Фридом хаус” уюмдардын отчетторунда жылмаланып, бир аз азыраак бөлүгү берилип атат. Чындыгында биздин Кыргызстандын абалы анда айтылгандардан да өтө начарлап кетти деп айткым келет.

- Азиза айым, адатта ушундай докладдар бийлик тарабынан каралып, аларда кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу аракети көрүлөбү, же андай баяндамаларга кош көңүл жасалабы?

- Негизинен мындай жыйынтыктарга ар бир демократияны көздөгөң мамлекет өзүнүн тыянактарын чыгарып, кандайдыр бир жоопторун жазып, же көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдоого аракет болуш керек. Ошондой болот деген биздин дагы үмүтүбүз бар. Бирок азырынча эч кандай Кыргызстанда тыянак чыккан жок. Тескерисинче адам укуктарына, жарандык коомдун өкүлдөрүнө өтө терс таасирин тийгизе турган мызймдарды, чечимдерди кабыл алуу улантылып келатат.

- Маегиңизге рахмат.