АКШ Мамдепартаменти адам укуктары боюнча жылдык докладын жарыялады

Дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын 2008-жылдагы абалына арналган баяндамада сотсуз эле дарга асуулар, балдардын түрмө шартында төрөлүүсү катталган Түндүк Кореядагы кырдаал "үрөй учурарлык" деп аталат. Кытайдагы адам укуктарынын абалы канаатандырарлыксыз бойдон калганы, атүгүл начарлаганы белгиленген. Ал эми Орусияда баяндамада айтылгандай, адам укуктары "курчоо абалында". Баяндамада Грузия маалымат каражаттарынын эркиндигин чектегени сынга алынган. Беларус өкмөтү адам укутары жаатында "өтө жаман" тажрыйбасын улантып жатканы белгиленет.
Баяндамада көргөзүлгөндөй, Өзбекстандын бийликтери атуулдардын "өкмөттү тынчтык жана демократиялык жол менен алмаштыруу" укугун жэрүүнү улантууда.
Иран жарандык эркиндиктерди, демократияны чектөөнү улантуу менен, өлкөнүн коопсуздук күчтөрү "саясий жүйөөдөгү зордук-зомбулукту, анын ичинде кыйноону" практикалап жатат.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасынын башында АКШ адам укуктарынын анын өзүндөгү абалына карата эл аралык тынчызданууларды эске алууну убада кылган.