Иран жана Орусия Бушер АЭСинин ишке кирүү мөөнөтүн жарыялайт

Эки тарап мындай жарыяны бүгүн жасары күтүлүп жатканын Орусиянын "Росатом" ишканасынын маалымат катчысы Сергей Новиков Ирандын ИРНА жаңылыктар агенттигине билдирди. Анын айтымында, Бушер атомдук –электр станциясы быйыл жыл соңуна карата расмий иштей баштоосу мүмкүн. АЭСтин курулушун инспекциялоо үчүн учурда "Росатомдун" башчысы Сергей Кириенко Иранда жүрөт.
Орусиянын "Атомстройэкспорт" компаниясы кубаты 1000 меговаттык Бушер АЭСнин курулушуна катышууга 1995-жылы эле макул болгон. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы өзөктүк курал жасоого багытталган деген ырастоолорунан улам иштин башталуусу бир нече ирээт кийинкиге калтырылган.