25-февраль: Тарых барактары

Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын XI съезди 1960-жылдын 25-февралында ишин баштады. «Келечек долбоору» коомдук фонду 2003-жылдын 25-февралында «Кыргызстандын коомдук институттар системасындагы саясий партиялардын орду» атту темада тегерек үстөл жыйынын өткөрдү.
Кузнецк воеводасы 1678-жылдын 25-февралында жунгар өкүмдары Галдан контайши Кегендин орус чебине кол сала турган ою бар экендиги туурасында кабар алган. Орус воеводасына келген Чемот Сазыгулин жунгар контайшиси кол топтоп аткандыгын жана өз адамдарын энесайлык кыргыздарга жибергендигин маалымдаган. Жунгар өкүмдары энейсалык кыргыздардан Томь, Красноярск жана Кузнецк воеводаларынан албан жыйнаш үчүн адамдарды жиберишин талап кылган.

Пишпек шаардык милициясына караштуу II разряддагы сурамжылоо үстөлү 1924-жылдын 25-февралында ачылган жаңы кызмат үчүн шаар калкын каттап, алардын санын тактоо багытында иш алып баруусу белгиленген.

Совет бийлиги орногондон кийин Кыргызстан аймагында эски көрүнүшкө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүлүп баштаган. Кара-Кыргыз автономиялык областынын Революциялык комитети 1925-жылдын февраль айында калың алуу, калың берүү жана көп аял алууга тыюу салып, бул күндөрү айыл-кыштактарда түшүндүрүү иштерин уюштурган.

Кыргызстандык 2500 аңчы-спортсмендер 1941-жылдын 25-февралында фрунзелик күйөрман-аңчылардын клубуна баш кошушкан. Маршал К. Ворошиловдун «Жакшы аңчы-Кызыл Армия үчүн даяр чалгынчы жана көзгө атаар мерген» деген сөзү клубдун девизи катары кабыл алынган.

Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын XI съездди 1960-жылдын 25-февралында ишин баштаган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки искусство адамдарынын арасында орун алган жагымсыз окуя 2006-жылдын 25-февралында жасалган. Кыргыз коомчулугуна эле эмес дүйнөлүк киноискусство күйөрмандарына таанылган Актан Арым Кубат менен кинорежиссер Замир Эралиев мушташып, биринчинин көзү көгөрүп, экинчинин иши болсо сотко берилген.

«Келечек долбоору» коомдук фонду 2003-жылдын 25-февралында «Кыргызстандын коомдук институттар системасындагы саясий партиялардын орду» аттуу темада тегерек үстөл жыйынын өткөргөн. Жыйынга Кыргызстандагы 20 чамалуу саясий партиялардын, коомдук, социологиялык иликтөө биримдиктеринин, бир канча эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Рим полководеци Гней Помпей б.з.ч. 52-жылдын 25-февралында римдик саясий салтты бузуп бир жылга «коллегиясыз консул» болуп шайланган. Сенаттын демократиялык талаптарды бузушуна шайлоо маалында орун алган кандуу кагылышты Гней Помпей басат деген ишенимден чыккан.

Америка Кошмо Штаттарынын биринчи президенти Джордж Вашингтон 1791-жылдын бул күнү Америка Банкын негиздеген.

Сэмюэль Кольт 1836-жылдын 25-февралында 45-калибрдеги алты октуу револьверди патенттеген. Сэмюэль Кольттун ишканасы биринчи он жылы банкроттуктан башы арылбай илешип араң иштеген. Качан барып Америка менен Мексика ортосунда согуш башталганда «Кольт» тапанчасынын «бактысы ачылып», атчан жоокерлердин алмашкыз куралына айланган.

Совет бийлиги Грузияда 1921-жылы 25-февралда орноп, Грузин ССРи уюшулган.

Германиянын президенттигине талапкердигин койгон Австрия мамлекетинин гражданини Адольф Гитлер 1932-жылдын бул күнү немец граждандыгын алган.

Советтик «Луна-20» станциясы 1972-жылдын 25-февраль күнү биринчи жолу айдын топурагын жерге алып келген.

Айтылуу италиялык анатом жана патолог Джованни Баттиста Морганьи 1682-жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген. «Анатом аныктаган оорулардын себеби жана жери» аттуу эмгегинде бир канча оорулардын патогенезин ачкан.

Атактуу француз живописчиси, график жана скульптору Пьер Огюст Ренуар 1841-жылдын бул күнү туулган.