Президенттин майрамдык куттуктоосу мурдагы куттуктоолордон айырмаланат

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө президент Курманбек Бакиевдин майрамдык куттуктоосу мурдагыдай салттуу болуп келген жеке эле аскер кызматындагыларды эмес, жалпы элди куттуктоосу менен айырмаланат. Бул тууралуу президенттин секретариатынан билдиришти. Президенттин куттуктоосунда “ушул майрам күнү жүрөгү Кыргызстан, кыргыз жери деп соккон, жандили менен Мекенине күйгөн ар бир атуулубузга күч-кубат тилейм, чың ден-соолук, бакыт-таалай, бейпил жана бакубат турмуш каалайм!”,-деп айтылат. (AJ)