Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун облустук координатору Сайпидин Тороев 21-февралда “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында республикада ооруканада дарыланып жаткандардын ар бирине тамак-ашы үчүн бир күндө 44 сом бөлүнсө, Баткенде ар бир бейтапка 24 сомдон туура келүүдө. Баткен облусунда өткөн жылкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгында дарыгерлердин маянасы эң төмөн деп табылган. Орточо эсеп менен айына дарыгерлер 2700 сом маяна алса, мамлекеттик кызматкерлер 5600 сомдон алышат. (JsA)