АКШнын авиабазасынын Кыргызстандан чыгарылышы Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай пикирин Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морель журналисттерге билдирди. Анын баамында, Евробиримдикке кирген мамлекеттер Кыргызстан менен бул маселени талкуулашы зарыл. Ал мындай оюн кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов жана Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев менен жолугушканда билдирди. Евробиримдик Кыргызстандын көз карандысыз чечимин колдойт, бирок Европа өлкөлөрүнүн антитеррордук коалицияга кирген мамлекеттеринин жоокерлери Ооганстанда кызмат кылып, бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуга гана аракет кылбастан бүтүндөй Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти моюнуна алып жатат. Ошон үчүн кыргыз бийлиги бул жагдайда эске алуусу зарыл,-деди Пьер Морель.(BD)