Хиллари Клинтон Кытайга келди

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бүгүн (20-февралда) Бээжинге Кытай бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн келди. Ал дүйнөлүк экономикалык кризис, климаттык өзгөрүүлөр, коопсуздук сыяктуу маселелерди расмий Бээжин менен талкуу кылаары алдын-ала белгиленген. Хиллари Клинтон бул маселелерде жылыштарга жетүү үчүн адам укуктары маселеси тоскоол болушуна эч жол койбостугун айтты. Буга чейин Клинтон айым Жапония, Түштүк Корея өлкөлөрүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүздү.