Т.Тургуналиев:"Саясий куугунтукка алынгандардын катары 5 топтон турат"

Саясий куугунтукка каршы комитет акыркы кырдаалды аныктап ушундай жыйынтыкка келди. Комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсү боюнча, алар оппозиционерлер жана алардын туугандары, укук коргоочулар, оппозициячыл маанайдагы партиялар менен уюмдар, көз карандысыз маалымат каражаттары менен журналисттер жана бийликке нааразы элдик демилгечилер.Комитет бүгүн бул топко кирген жана куугунтукка кабылган 30дан ашык адамдын аты-жөнүн жарыя кылат жана анын негизинде саясий куугунтукка алуу Кыргызстанды тоталитардык мамлекетке айлантып баратат деген бүтүмгө келген. Ал эми бийлик өкүлдөрү Кыргызстан чөлкөмдө демократия жана сөз эркиндиги бекем калыптанган өлкө деп ага макул эмес.(BD)