Бенямин Нетаняху Израилдин премьер-министрлигине келүү үчүн чечүүчү колдоого ээ болду

Лихуд партиясынын лидери Бенямин Нетаняху өлкөнүн кийинки премьер-министри болуусун Авигдор Либерман атуу саясатчы колдоду. Либермандын улутчул маанайдагы партиясы өткөн аптада болгон мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо үчүнчү орунду ээлеген эле. Либерман Нетаняхунун колдоону чечкенин бүгүн жарыялады. 10-февралдагы шайлоодон кийин жаңы өкмөттү курууга укуктуу экенин буга чейинки өкмөттү башкараган КАдима партиясынын лидери Ципи Ливни да айтып келген. Президент Шимон Перес бүгүн партиялык жетекчилер менен жолукмакчы.