Орусияда олигархтар да "жакырланды"

Олег Дерипаска - Орусиянын каржы кризисинде эң көп жабыр тарткан миллиардери.

Ушул апта башында Орусиянын "Финанс" журналы өлкөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмесин жарыялады. Бирок бул ирээт алар мурдагыдан канчага байыганы эмес, "жакырланганы" жаңылык болду. "Финанс" журналынын эсебинде Орусиянын эң башкы он байы глобалдык каржы кризисинен улам акыркы бир жылда байлыгынын үчтөн эки бөлүгүн жоготкон.
Москвада чыгуучу "Финанс" журналы жарыялаган рейтингде Орусиянын миллиардери жана миллионери деп эсептелген 404 адамдын ысымы келтирилет. Тизме жана ага киргизилген орусиялыктардын байлыгынын акчалай өлчөмү быйыл былтыркыга салыштырмалуу кыйла өзгөргөн. Орусиянын эң байынын дүйнө-мүлкү азыр 14 миллиард долларга бааланса, 100-орунда турган адамдыкы 300 миллион долларга барабар.

Быйыл 14,1 миллиард доллары менен биринчи орунга "ОНЭКСИМ" деген топтун президенти Михаил Прохоров чыкты. Ал эми былтыркы тизмеде 40 миллиард доллардык мүлкү менен көч башында турган алюминий магнаты Олег Дерипаска быйыл сегизинчи орунга кулаган. Анын байлыгы быйыл 4,9 миллиард доллар деп эсептелинүүдө. Демек "Финанс" журналындагы маалыматка ишенсек, Дерипаска бир жыл ичинде байлыгынын 85%ынан ажыраган.

Москвалык талдоочу Владимир Прибыловски "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, өкмөт буга чейин эле мамлекеттик Внешэкономбанк аркылуу Дерипаскага Батыш банктарынан алган насыясын кайтаруусу үчүн 4,5 миллиард доллар берди:

- Олег Дерипасканы сактап жаткандары кызык. Учурда анын карызы эбегейсиз. Мени 5 миллиард доллардык активи бар дегендери таң калтырууда. Анын карызы байлыгынан кыйла көп.

41 жаштагы Олег Дерипаска сыяктуу 1990-жылдары менчиктештирүү доору башталгандан бери жыйган-тергени чукулунан кемиген башка олигархтар да кризистен чыгуу үчүн мамлекеттин садагасына үмүттөнө алабы. Москвалык талдоочу Владимир Прибыловски мындай дейт:

- Албетте баарын бирдей ылдамдыкта кредиттебейт. Балким Дерипаскадан мурда Усмановду сакташты. Мисалы ислам банктарынан акча алуусу үчүн көмөк көргөзүштү.

"Металлоинвест" "Мегаком" деген компаниялардын негизги кожоюндарынын бири, улуту өзбек Алишер Усманов миллиардерлердин быйылкы тизмесинде 10-орунда турат жана анын байлыгын "Финанс" журналы быйыл 4,5 миллиард долларга баалаган.

Орусиялык байлардын тизмеси жана алар каржы кризисинен кантип чыгып жатканы бийлик менен миллиардерлердин ортосундагы мамиленин татаал системасын көргөзүүдө. Талдоочу Владимир Прибыловскинин айтымында, өкмөт олигархтар менен чогуу куткарылуучу "стратегиялык ишканалардын" тизмесин аныктаган. Ал тизменин алдыңкы сабындагылар - Кремлге лоялдуу турган миллиардерлер.

- Муну менен алардын болочок лоялдуулугу камсыздалууда. Алар Кремлден мурдагы кызматы, тил алчактыгы үчүн дивидент алып жатышат. Менимче алардын көбү кризистен ага кирген кездегисинен кыйла эле бай болуп чыгышат. Алар үчүн мунай баасынын түшкөнү да, көтөрүлгөнү да пайдалуу. Баары аман чыгат, балким биз аман чыкпообуз мүмкүн.

Олигархтардын айрымдары Кремль менен чатакташпоо стратегиясын мурда эле тандап алган жана четте жашашат. Мындай стратегиянын кармангандардын эң белгилүүсү – Роман Абрамович, Чукотканын мурдагы губернатору, Лондондогу "Челси" футбол клубунун ээси. Бир нече жылдан бери Британияда жашайт. Ал миллиардерлердин быйылкы тизмесинде экинчи орунду ээледи. "Финанс" журналы Абрамовичтин байлыгын 13,9 миллиард долларга баалайт.

Абрамович кезинде өзү ээлик кылган "Сибнефть" компаниясын мамлекет колундагы "Газпромго" 13,7 миллиард долларга саткан эле. Москвалык талдоочу Владимир Прибыловскинин айтымында, ал ошондой эле Улуттук жыргалчылык корунан кредиторлорунан кутулуу үчүн кошумча 1,8 миллиард доллар алган.