Министрлер ант берүүгө киришти

Ант берүүнү жаңы дайындалган 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштады. Ал өз кызматына киришип жатып, элдин, ЖКнын алдында Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого, элге ак ниет кызмат кылууга ант берди. Андан кийин ушундай эле мазмундагы убадасын вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева президенттин, элдин, парламенттин алдында берди.(ZKo)