Бүгүн Жогорку Кеңештин үч фракциясы Манас аба майданындагы АКШнын аскерий базасын чыгаруу маселесин карады. “Ак жол” фракциясы көпчүлүк добуш менен базаны чыгарууну жактады. Ал эми социал-демократтар бир пикирге келе албагандыктан добуш беришкен жок. Коммунисттик фракция болсо базаны чыгарууну кубаттап добушун беришти. Депутаттарга базаны чыгаруу себептери тууралуу тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев маалымат берди.(AiT)