Манас аба майданынан АКШ базасын чыгарууну социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Мурат Жураев колдоп чыгышты. Ал эми депутат Иса Өмүркулов базаны чыгаруу менен Россиядан 2 миллиард доллар жардам алуу чечиминин бир убакта кабыл алынышы Кыргызстандын эл аралык аброюна жакшылык алып келбесин белгиледи. Фракциянын лидери Бакыт Бешимов базаны чыгаруу чечимин буга чейин кескин сынга алып келген.(AiT)