ЖККУ Манас аба майданына жайгашууну караштырган жок

Бул тууралуу Кыргызстан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев социал-демократиялык фракциянын жыйынында билдирди. Социал-демократтар учурда Манастагы АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын базасын чыгаруу маселесин талкуулашууда. Министрдин айтымында, АКШ аскерлери чыгып кеткенден кийин бошой турган орунга Жамааттык коопсуздук келишими уюму жайгашууну көздөп жаткан жок. Ошондой эле Россия Кыргызстанга бере турган 2 миллиард доллар менен базаны чыгаруунун ортосунда байланыш жок.(AiT)