Британия элчиси парламент жетекчилиги менен жолугушууну көздөөдө

Социал-демократиялык фракциянын маалымдоосуна караганда, Улуубританиянын Кыргызстандагы элчиси Пол Брамелл Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жана социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов менен жолугушууну уюштурууга өтүнүп Кыргызстан Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Жолугушуу 20-февралда боло турган болууда. Британ элчисинин турган жери Астана шаары.(AiT)