Өкмөт электрондук виза киргизүүнүн тартибин аныктады

Бул чечим чет өлкөлүк туристтердин келишин жеңилдетүү үчүн кабыл алды. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Тышкы иштер министрлиги эки айлык мөөнөттүн ичинде элеткрондук виза алуунун жол-жобосун аныктап чыгууга тийиш. Андан кийин интернет аркылуу онлайн режиминде виза алууга мүмкүнчүлүк берилет. Электрондук визаны киргизүү өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө оң таасирин тийгизет.(AiT)