Айрым кабарларга караганда башкы учкуч жана жанындагы 4 жардамчысы набыт кетти. Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары учак Исфахан шаарынын аэропортуна жакындаганда кыйраганын кабарлашууда. Учак аскерий же жарандарды ташуучу учак экендиги азырынча белгисиз. Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.