Пакистандагы талип жоочулары 10 күнгө тыным алышты

Пакистандын Сват өрөөнүнүдөгү талип жоочулары 10 күнгө ок атышууну токтоторун жарыя кылышты. Талиптердин маалымат өкүлү бул - согушкерлер менен өкмөт ортосундагы сүйлөшүүлөр маалындагы “жакшы ыклас ишарасы” деп билдирди. Анын айтымында, 5 ай барымтада кармалып келген кытайлык инженер да ушул себептен кое берилди. Бул аралыкта талипчил диннаятчы тынчтык келишимине эң жакынкы күндөрү кол коюлушу ыктымалдыгын кошумчалады.Буга чейинки мындай макулдашуулар ишке ашпай калган.