Оогандар советтик армияны жеңгендигин майрамдашууда

1989-жылы советтик аскерлердин чыгарылышы Ооганстанда улуттук майрам катары белгиленет. Быйыл коргонуу министрлиги "миллиондогон киши өмүрүн курмандыкка чалган ооган улутунун баатырдыгын" даңазалаган билдирүү жарыялады. Акыркы советтик танктар Ооганстандын аймагынан 15-февралда чыгып кеткен. Расмий статистика боюнча, советтик баскынчылыкка каршы күрөштө бир жарым миллион оогандын өмүрү кыйылган. Советтик армиядан 15 миң, анын ичинде Кыргызстандан 7 миңдей аскер курман болгон.