Караколдо “Улуу Биримдик” партиясынын лидеринин үстүнөн сот жүрүүдө

Партиянын лидери Эмил Каптагаевдин коргоочусу Мукар Чолпонбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, сот жараяны бүгүн уланып, анда күбөлөр суралат. Каптагаевге 2000-жылдын башында Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп иштеген мезгилинде кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюлууда. Партия лидери болсо бул ишти оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн уюштурулган саясий куугунтук катары баалап келатат.(AiT)