Телесаякатчы Дмитрий Крыловдун “Непутевые заметки” көрсөтүүсү Кыргызстандагы Санта Клаустардын фестивалы туурасындагы тасманы март айынын ортосунда, же аягында обого чыгарат. Аталган программа фестивалдан тышкары Кыргызстандын жаратылышын, туристтик жайларын чагылдырган дагы 4 көрсөтүү тартууну пландап жатат. Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин билдирүүсүндө, Кыргызстандагы жакынкы күндөрдө болуп өткөн Санта Клаустардын экинчи эл аралык фестивалы бул телекөрсөтүүдөн тышкары дүйнөлүк алдыңкы массалык маалымат каражаттары тарабынан чагылдырылган.(AzK)