12-февралда Бишкекте Коопсуздук кеңештин жыйыны болот

Анда Улуттук коопсуздуктун концепциясы жана айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук маселеси каралары белгиленүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Коопсуздук кеңештин жыйынына карата даярдык көрүү кеңешмесин 9-февралда президент Курманбек Бакиев өткөрдү.(AiT)