Т. Акеров: АКШ базасынын Кыргызстандан чыгарылышы арсар

Бул тууралуу “Таза коом” республикачыл саясий партиясынын теңтөрагасы Табылды Акеров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, АКШ аскерий базасын чыгаруу жараяны татаал болгондуктан бул демилгени соңуна жеткирүү оорчулукка турмакчы. “Эгерде базанын чыгышы так чечиле турган болсо, анда америкалык атайын чалгын кызматтары кыргыз президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана анын тегерегиндеги атка минерлердин батыш өлкө банктарында сактаган акча каражаттарын жана байлыктарынын келип чыгуу жолдору жөнүндөгү материалдарды Кыргызстандык маалымат каражаттары аркылуу таркатып, азыркы бийликке бир топ ыңгайсыздыктарды түзүшү мүмкүн. Ушундан улам кыргыз бийлиги базаны өлкөнүн аймагынан чыгаруу чечимин кайра карап чыгууга аргасыз болуп калышы ыктымал. Ал эми базаны чыгаруу болжолдуу президенттик шайлоого даярдык маалындагы Курманбек Бакиевдин аргасыз кадамы. Анткени президент бийликке келип жатып, Орусияга базаны чыгаруу боюнча жең ичинен убада берип алып аны аткарууга аргасыз болуп жаткан шекилдүү. Эгерде бул “убада” аткарылбаса Орусия келээрки президенттик шайлоодо оппозициянын лидерин колдоп, Бакиевге жолтоо кылышы мүмкүн”, - дейт Табылды Акеров. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү болсо “Манас” аскер базасын жабуу чечиминен кайра кайтпай тургандыгын жума күнү билдирген. (ES)