Кыргызстандын геосаясаттагы орду кандай болот?

АКШ авиабазасынын чыгарылышы менен Кыргызстандын геосаясаттагы орду кандай болушу тууралу “Азаттыктын” суроолоруна АКШда эл аралык бизнес боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Акылбек Жумабаев жооп берди.

- Акылбек мырза, мына ошентип кыргыз президенти АКШнын антитеррордук аба аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстандын базадан баш тартышы саясий чечим деп Москвада мурда күнү билдирди. Бул маселеде Кыргызстандын саясий кызыкчылыгы кайсында турат?

- Менин оюмча, бул ишти баардык жагынан карап туруп анан кабыл алса болот эле. Ооганстанда болуп жаткан иштердин бүтө элек жагы биз үчүн дагы мааниси бар да. Себеби биз Баткенде болгон окуялардан кийин чоң жардам берген АКШ болду эле. Ошон үчүн менин оюмча, Ооганстанда алардын операциясы аягына чейин бүтмөйүнчө биздин мындай чечим кабыл алышыбыз бир аз туура эмес болуп калды деп ойлойм.

- Сиздин оюңузча, америкалык базанын Кыргызстандан чыгарылышы АКШнын Борбор Азиядагы таасирин солгундатышы мүмкүнбү?

- Азыркы күндөгү маалыматыма караганда, АКШ Тажикстан, Өзбекстан менен дагы, алардын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана буга чейин да жүргүзүп жатышкан. Биздин коңшу мамлекеттердин баардыгы тең эле бүгүнкү күндө аларга өзүлөрүнүн аймагынан база берүүгө макулдуктары бар. Менин оюмча, алар Казакстан менен дагы өзүлөрүнүн сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатышат. Биринчи иретте болуп жаткан маалыматтарга караганда, Казакстан аларга сүйлөшүүлөрдүн үстүндө өзүлөрүнүн аймагынан уруксат берүүнүн үстүндө иштеп жатышат окшойт.

- Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен буга чейин Кыргызстан демократиянын аралчасы, антитеррордук күрөшкө батыл жардам берип жаткан өлкө катары белгилүү эле да. Мындан ары Кыргызстандын орду кандай болушу мүмкүн чоң саясатта, Кыргызстан мындар ары Орусиянын колдоочусу катары калабы, же өз алдынча эсептешкидей аракеттерге барабы геосаясатта?

- Бүгүн биздин өкмөттүн жасап жаткан иштерине караганда Орусиянын тажрыйбаларына карап тышкы иш чараларыбызды жасап калдык окшойт деген оюм бар. Эгер биздин өзүбүздүн ар кандай талаптарыбыз болсо, ошорлорду иш жүзүндө талкуулашыбыз керек эле буга чейин деле. Бирок өткөндө АКШ генералы Петреус келгенде деле эгерде биздин кыргыз өкмөтүнүн башка талаптары, суроолору болсо ошондо коюш керек эле. Ал эми ал киши келгенден кийин жакшы экен деп кетип калган да. Кандай маселелер болсо ошондо айтыш керек эле, анан ошонун негизинде баардык маселелерди чечиш керек эле...