Ирактын түндүгүндөгү Диала вилайетинде жанкечтинин кол салуусунан бери дегенде он киши набыт болуп, дагы 15 адам оор жараат алды. Полициянын маалыматына ылайык, жанкечти өзүн Ханакиндеги ресторандын жанында жардырып жиберген. 2 аптадан бери Иракта бир катар кандуу кол салуулар орун алды. Байкоочулар муну ишемби күнү өткөн шайлоого байланыштырууда.