Германияда коопсуздук маселелерине байланыштуу конференция башталат

Бүгүн Германияда коопсуздук маселелерине арналган 45-конференция өз ишин баштайт. Конференцияга АКШнын вице-президенти Жо Байден, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Николя Саркози, Ооганстандын президенти Хамид Карзай катышары күтүлүүдө. Үч күнгө созула турган жыйын маалында НАТОнун баш катчысы Яап де-Хооп Схеффер менен Орусиянын вице-премьер-министри Сергей Ивановдун жолугушуусу белгиленген.