Камбар-Ата-1 ГЭСин жети жылда куруп бүтүү пландаштырылууда

Анын курулушу менен 15 миңден 18 миңге чейин жумуш орду түзүлөт, деп билдирди өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ маалымат жыйынында. Анын айтымында, ГЭСти куруу боюнча (ТЕО) техникалык экономикалык негиздеме май айында бүткөндөн кийин, курулуштун долбооруна заказ берилет. 3-февралдагы кыргыз-орус өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 1 млрд. 700 млн. доллар каражат бөлмөкчү. (AJ)