Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудинов кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, АКШнын аскерий аба базасын өлкө аймагынан чыгаруу чечими Орусиядан алынуучу 2 млрд. доллар кредитке эч кандай тиешеси жок, тек гана эки келишим бир мезгилге дал келип калды. Ошондой эле өкмөт башчы Ооганстандагы проблемаларды күч колдонуу ыкмасы менен чечүүгө болбостугун, тескерисинче АКШ ооган экономикасын көтөрүүгө мезгил келгендигин белгиледи. Манастагы авиабаза маселеси боюнча жакында Тышкы иштер министрлиги маалымат жыйынын өткөрөт,дейт Чудинов. (AJ)