Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Саламаттык сактоо министрлигинде 2006-2008-жылдары тендер өткөрүүдө мыйзам бузууларга байланыштуу үч кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иштери диабет дартына каршы ийнелерди сатып алууда мыйзам бузууларга жол берилгени жана андан мамлекетке 4 миллион 318 миң зыян алып келгени үчүн козголду. Тергөө ишин Башкы прокуратуранын өтө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.(AiT)