К. Абдрахматов: Сейсмикалык активдүүлүк Алай аймагында байкалууда

Былтыр 5-октябрда 8 баллга жеткен зилзаладан Алайдын Нура айылы дээрлик толугу менен кыйрап, 75 адам ажал тапкан.

Кыргызстандагы сейсмикалык абал тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору, геология, минерология илимдеринин доктору Канат Абдырахматов жооп берди.
- Эки күн мурун Чүй аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул Кыргызстанда жер титирөө боюнча жаңы толкундун башталышыбы, же бир жолку эле көрүнүшпү?

- Биздин маалымат боюнча, бул бир жолку эле көрүнүш. Себеби 2009-жылы Чүй, Ысык-Көл аймактарында катуу жер титирөө болбойт деп маалымат берип атабыз. Эгерде болуп калса, балким 2009-жылдын аягында 4-5 баллга жеткен 1-2 жер титирөө болушу мүмкүн деп күтүүдөбүз. Анткени биздин маалымат боюнча азыр сейсмикалык тыныгуу убактысы башталды. Биздин маалымат боюнча бул убакыт 1-2 жылдын арасында болот. Андан кийин сейсмикалык активдүүлүк башталышы мүмкүн.

- Бул жалпы Кыргызстандын аймагына тиешелүүбү?

- Жок, Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнө гана. Жалпы Кыргызстан боюнча 2009-жылы баягы эле Нура айылында, Алай тарапта активдүүлүк болуп турат. Ал жерде дагы эле 6-7 баллга жеткен жер титирөөлөр болушу мүмкүн деп күтүп атабыз.

- Буларды алдын алуучу кандай чаралар көрүлүп атат, эми анын бетин ары кылсын, бирок Нурадагыдай, Кочкордогудай кыйроолорго кириптер болбош үчүн, эл жабыркабаш үчүн биргелешкен кызматташтык болуп атабы башка тармактар менен, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен дегендей?

- Жер титирөөнү алдын-ала так эч ким айта албайт, бирок жөнөкөй иш чараларды жүргүзүүгө болот. Ал багытта биз Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен тыгыз иштейбиз, ага кошумча Бишкекте Борбордук Азия кыргыз-немец институту бар, алар менен да жакшы иштейбиз, орусиялык дагы бир уюм бар алар менен да келишим түзүп иштеп атабыз. Тилекке каршы жабдууларыбыз азыраак болуп атат. Бирок чындыгында Борбор Азияда биздин институт биринчи деп эсептелет, себеби биздин адистерибиз аябай күчтүү.

- Канат мырза, башынан эле сейсмикалык иликтөө институтунда каражат жетишсиздиги, техникалык жабдуулар начар болуп келатканы жөнүндө айтылып келатат. Ушул техникалык жабдууларды жакшыртуу, божомолдордун сапатын арттыруу боюнча аракеттер болуп атабы, өкмөттөн кандай жардамдар болуп атат?

- Тилекке каршы биз каалаган, биз сураган деңгээлде өкмөт бизге жардам бере албайт экен. Эмне дегенде өлкөдө азыр финансылык абал кичине начар болуп турат, ага карабастан биз өзүбүз иш чараларды жасап атабыз. Мисалы, Норвегиядан мурдагы жылы 10 заманбап станцияларды аймактарга коюп, ошону менен иштеп атабыз. Эми Кудай буюрса мартта дагы Норвегияга барып жаңы келишим түзөлү деп атабыз, норвегиялыктар бизге дагы жабдыктарды бергени жатат.

- Кыргызстандын аймагында канча жерде жер титирөөнү болжолдоо борборлору бар?

- Азырынча эки жерде, бирөө Ошто, бирөө Бишкекте.

- Бул жетиштүү деп эсептейсиздерби?

- Албетте жок. Жок дегенде ар бир облуста бирден болсо жакшы болмок. Ошондо келечектеги очокту тезирээк тактоого мүмкүнчүлүк түзүлүп калмак.

- Маегиңизге рахмат.