БУУнун соту Украина менен Румыниянын деңиздеги чек арасын аныктады


Эки өлкө Украинанын Кара деңиздеги Змеиный деп аталган аралынын айланасындагы аймакты талашып келишкен. Бул аралдын айланасындагы аймактык суулардын алды мунай менен газдын коруна бай деп эсептелинет. Украина аралдын жана ага ыктаган континенталдык шельфтин 45 чакырымдайына ээлик кылат. БУУнун Гаагадагы эл аралык соту бүгүнкү чечими менен Украина ээлик кылган аймагын мындан ары кеңейте албайт деп тапты. Бул чечим Румынияга ал талашып келген аймактын бештен төрт бөлүгүн берет. Украин тарап соттун чечимин "акылга сыярлык мунаса" деп атады. Румыния БУУнун сотуна тараптар бир нече жыл мунасага келе албай койгон соң 2004-жылы кайрылган.