Кыргызстан мамлекетинин тышкы экономикалык саясаты аксап жатат

Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстандын 180 млн. доллар карызын жөн эле кечип жибербейт. Парламенттеги СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов Кыргызстан тышкы саясатын ийкемдүү жүргүзө албагандыганан улам Орусиядагы карызын кечтире албай келатканын билдирген болчу. Ал буга Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Даостогу экономикалык форумда Ливия менен Ооганстандын карызын орус өкмөтү кечкендигин жарыялагынын мисалга келтирген. Айылчы Сарыбаев ошондой эле Камбар-Ата ГЭСин курууга Орусия 1 млрд. 700 млн. доллар каражатты бөлүп жатканын, Кыргызстандын бул маселе боюнча коюп жаткан шарты туура экендигин белгиледи. Ал эми “Орусиядан 300 млн. доллар каражат насыя алуу мурдагы 2 млрд. 200 млн. доллар карыздын үстүнө кошулат деген кеп. Ошондуктан 300 млн. доллар карыз алуу негизсиз. Бул каржы министрлигинин каржы саясатынын жоктугун көрсөтүп турат”,-дейт Сарыбаев. (AJ)