Бүгүн президент К.Бакиев Москвага иш сапары менен барат

Анда өлкө башчысы Орусяинын президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, Камбар-Ата ГЭСин куруу, Кыргызстандын Москвага карызына байланыштуу маселелерди талкуулашып, төрт келишимге кол коюшу күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, буга чейин Кыргызстан тарап Орусиядан 2 млрд. доллар өлчөмүндө насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Эртең президент Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешинин кезексиз отурумуна катышат. (AJ)