Мындай жардыкка президент К.Бакиев бүгүн кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Муратбек Иманалиев 1991-1992 жана 1997-2002 -жылдары Тышкы иштер министри, 1993-1996-жылы Кытай Эл Республикасында Кыргызстандын элчиси болуп иштеген. Кеңешчи болуп дайындалганга чейин коомдук саясат институтун жетектеп келген. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, атайын ыйгарым укуктуу элчи даражасына ээ болгон. (AJ)