Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда Свердлов райондук акимчиликтин жооптуу кызматкери (аты көрсөтүлгөн эмес) “Ак ордо” жаңы конушунда жеке үй курууга бир жаранга аянт үлөштүргөн. Аны ишке ашырууга Көк-Жар жаңы конушунда жашайт деген жергиликтүү комитеттин жасалма билдирүүсү негиз берген. Иш жүзүндө жерди менчикке алган адамдын Ысык-Ата районунда турак үйү бар экендиги аныкталып, бул боюнча Кылмыш кодексинин 305, 315-беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, Бишкек шаардык прокуратурага териштирүүгө жиберилди деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында. (BuS)