Исмаил Исаков: Президент оппозициянын оозун жапкысы келүүдө

Мындай пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков билдирди. Президент коомчулуктун жана башка көз караштагы саясий уюмдардын пикирлерин уккан жери жок жана өз бийлигин бекемдөө менен алек деген саясатчы кезектеги кайрылуу деле декларативдик мүнөзгө ээ дейт. Буга мисал катары Исаков “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын өкмөттүн курамын кайра түзүү, бюджеттик каражаттарды азайтуу өңдүү сунуштарды камтыган кайрылуусуна жооп бербегендигин, “Ата мекен”, “Ак шумкар” саясий партиясына жасалып жаткан ачык бут тосууларды келтирди. Президент Курманбек Бакиев кечээ кечинде улуттук телеберүү аркылуу элге кайрылуусунда мамлекеттик бийлик эле эмес, “саясий партиялар да өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш” деген. Кайрылууда өлкөнүн саясий багытын белгилеп, “башкы идеология - улуттук таламдарды жүзөгө ашыруудагы акылга сыярлык тең салмактуулук болорун айткан”. (BuS)