Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, макулдашуу үчүн өкмөткө жолдогон. 28-январда Исабеков менен жолугушууга “Кумтөр” алтын кенинин жетекчилиги келмекчи. Жолугушууга финансы полициясы, социалдык фонд, өкмөт аппараты жана канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү чакырылды.(AiT)